Ростуризм Орус жарандарын Орусияга карата санкция киргизген өлкөлөргө барбоого чакырды. Бул тууралуу RIA.RU басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, Орус жарандарын Орусияга карата санкция киргизген өлкөлөргө барбоого чакырган. Алардын ордуна Орусияга карата санкция киргизбеген Түркия, Египет, Тунис, Бириккен Араб Эмираттары, Кытай, Индия, Вьетнам өлкөлөрүн сунуштаган.
Ошондой эле Ростуризм мекемеси туроператорлорго Орусияга карата санкция киргизген өлкөлөргө жолдомо сатууну токтотууга чакырды. Ал эми аталган өлкөлөргө жолдомону буга чейин сатып алгандарды туроператорлорго кайрылып алмаштырууну сунуштаган.