Казак президентинин Алматыдагы резиденциясы сүрдүрүлөт. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин басма сөз катчысы Берик Уали Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Анын айтуусуна караганда, имараттын ордуна шаар тургундары үчүн сейил бак курулат
Алматыдагы резиденция январь айындагы Казакстандагы баш аламандыкта талкаланган.