Орусиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын Херсон шаарын толугу менен көзөмөлгө алды

Орусиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын Херсон шаарын толук көзөмөлгө алды. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенковдун видеокайрылуусуна таянуу менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Херсондо жарандык инфраструктура, жашоону камсыз кылуучу объектилер жана транспорттук каражаттар кадимки режимде иштеп жатат. Ошондой эле маалыматта орус аскерлери Киев телемунарасынын жабдыктарын иштен чыгарганы айтылат.

"Орусияга каршы маалыматтык чабуулдарды басуу үчүн Киевде Украинанын Коопсуздук кызматынын технологиялык объектилерине сокку урулду. Телемунаранын аппараттык берүүсү өчүрүлгөн. Сокку урууда турак жайларды бузууга жол берилген жок", - деген Игорь Конашенков.

Орусия Федерациясынын аэрокосмостук күчтөрү Украинанын аскердик инфраструктурасына массалык түрдө абадан сокку урду. Анын айтымында, операция учурунда Украинанын 1502 аскердик инфраструктуралык объектилери иштен чыгарылган.

Эске салсак, 24-февраль күнү таңга маал Украина менен Орусиянын ортосундагы кырдаал курчуган. Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусия Украинага масштабдуу басып кирүүсүн баштаганын билдирген.

Буга байланыштуу Евробиримдик Орусиянын Украинага кол салуусунан улам орусиялык учактар үчүн аба каттамдарын жабары айтылган. Түштүк Корея жана Сингапур Орусияга каршы экспорттук көзөмөлдү күчөтүү менен Москвага каршы эл аралык санкцияларга кошулган.

Ал эми 28-февралда Беларуста Украина менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүсү болуп өткөн. Анда тараптар бир чечимге келе алышпай, сүйлөшүүнүн экинчи этабы жакынкы күндөрдө орун алары кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан