Honda жана Mazda Орусияга унааларды жана тетиктерди жеткирүүнү токтотту

Япониянын Honda жана Mazda унаа чыгаруучу компаниялары Орусияга жаңы унааларын жана анын тетиктерин экспорттоону убактылуу токтотту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 2022-жылы Орусиянын рыногунан чыгууну пландаштырган Honda компаниясы Орусияга унааларды жана мотоциклдерди экспорттоону токтотот. Ал эми Mazda өз кезегинде Орусияда жайгашкан заводдору үчүн тетиктерди берүүнү токтоткон.

Буга чейин Volvo, Scania жана Ford компаниялары Орусиядагы ишин токтотконун билдиришкен. Мындан тышкары BMW компаниясы дагы Орусиядагы ишин токтоткондугун жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан