Бүгүн, 2-март күнү Орусиянын делегациясы Украинадагы кырдаалды талкуулоо үчүн Украинанын делегациясын сүйлөшүү өтө турган жерде кечке чейин күтөт. Бул тууралуу Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргенин орус басылмалары жазышты.
"Бүгүн кечке жуук биздин делегация Украинанын делегациясын сүйлөшүү өтө турган жерде күтөт", - деген Песков.
Ал сүйлөшүү кайсы жерде өтөрүн айткан эмес.
Буга чейинки жолугушуу 28-февралда Беларустун Гомель облусунда өткөн. Жолугушуу дээрлик беш саатка созулуп, тараптар кеңешүү үчүн борборлоруна жөнөгөн.