Орусиянын Sputnik агенттигинин 30 өлкөдөгү сайттары DDoS-чабуулга кабылып, материалдарды жарыялоодо кыйынчылык жаралууда. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы Sputnik агенттигинин маалымат кызматына таянып жазды.
Ага ылайык, Орусияга Батыш өлкөлөрү санкция киргизгенден кийин жана Anonymous хакердик тобу Орусия менен киберсогуш баштаганын жар салгандан кийин бир нече күндөн бери Sputnik сайттарында DDoS-чабуулдар болууда.
"Бардык Sputnik сайттары кайрадан массалык киберчабуулга кабылды, бул аракеттер ишемби күндөн бери токтой элек. Азыр дээрлик бардык жакта, алыскы жана жакынкы чет мамлекеттердеги сайттарда материалдарды жарыялоо өтө кыйын болууда. Ошол эле учурда колдонуучуларда сайт жеткиликтүү, окурмандарды биздин жаңылыктарды Sputnik агенттигинин Telegram-каналдарынан окуп турууга чакырабыз", - деп билдиришкен агенттиктин маалымат кызматынан.
Sputnik агенттигинин Бишкек шаарында дагы бөлүмү бар. Ал кыргыз жана орус тилдеринде ишмердүүлүк жүргүзөт.