Украинадагы кырдаал: Укриананын делегациясы сүйлөшүү үчүн Беларуска бара жатат

Бүгүн, 3-март күнү Украинанын делегациясы Орусия менен Украинадагы кырдаалды талкуулоо үчүн Беларуска жөнөдү. Бул тууралуу Украинанын президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Орусия делегациясы менен жолугушуу үчүн. Биз тик учактабыз", - деп жазып сүрөт жүктөдү.

28-февралда Беларуста Украина менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүсү болуп өткөн. Анда тараптар бир чечимге келе алышпай, сүйлөшүүнүн экинчи этабы жакынкы күндөрдө орун алары кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан