Украинадагы салгылашуу учурунда Орусиянын кургактагы күчтөрүнүн 41-бириккен армиясынын командиринин орун басары, генерал-майор Андрей Суховецкий каза болду. Бул тууралуу анын кесиптеши Сергей Чипилевге таянуу менен орус басылмалары жазышты.
"Биз досубуз генерал-майор Андрей Александрович Суховецкийдин Украинанын аймагында атайын операция учурунда каза болгондугу тууралуу кайгылуу кабарды алдык. Андрей Александровичтин үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз", - деп билдирген Чипилев.
Бул маалыматты "Комсомольская правда" басылмасынын аскер кабарчысы Александр Коц дагы тастыктаган.
Андрей Суховецкий 1995-жылы Рязань жогорку десанттык командалык окуу жайын аяктаган. Орусиянын Коргоо министрлигинин сайтында айтылгандай, ал взводдун командиринен гвардиянын десанттык бөлүгүнүн штабынын начальнигине чейин жеткен.