Арменияда жаңы президент шайланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-мартта Армения парламенти шайлоонун экинчи турунда жабык добуш берүүнүн жүрүшүндө Жогорку технологиялык өнөр жай министри Ваган Хачатурянды Армениянын президенти кылып шайлады.
Жабык добуш берүүнүн экинчи айлампасына 71 депутат катышкан.