Орусиянын президенти Владимир Путин Франциянын президенти Эммануэль Макронго Киев менен сүйлөшүүлөрдү кечеңдетүү Орусиянын жаңы талаптарды коюусуна гана алып келерин айтты. Мындай маалымат Кремлдин расмий сайтына жарыяланды.
"Атайын аскердик операциянын тапшырмалары кандай болгон күндө да аткарыла турганы белгиленди. Сүйлөшүүлөрдү создуктуруп, убакытты утуп алуу аракети биздин сүйлөшүү позициябызда Киевге кошумча талаптарды гана алып келери баса белгиленди", - деп айтылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, бүгүн, 3-мартта Украина менен Орусиянын делегациялары Украинадагы кырдаалды талкуулоо үчүн экинчи ирет жолугушуу өткөрүүдө.