Орусиянын аскерлеринин аткылоосунан улам Запорожье атомдук электростанциясынан өрт чыкты. Буга байланыштуу Украинанын президенти Володимир Зеленський кайрылуу жасады.
Анын айтымында, ал атомдук электростанцияда 6 энергоблок бар.
"Орусиялык танктар Запорожье атомдук электростанциясын аткылап жатат. Ал жакта 6 энергоблок бар", - деп билдирген ал.
Ошондой эле ал Чернобыль окуясында бир энергоблок жарылганын, анын кесепети кандай болгонун эскерткен.
Запорожье атомдук электростанциясы - Европадагы эң чоң атомдук электростанция болуп саналат.
Эске салсак, 24-февраль күнү таңга маал Украина менен Орусиянын ортосундагы кырдаал курчуган. Орусия менен Украинанын кагылышуусу башталгандан бери Украина 2 миң 870 аскерин жоготсо, Орусиянын 498 аскери каза болгону жазылды. Украинадагы акыркы кырдаалга байланыштуу качкындардын саны 1 миллион адамды түздү.