Украинадагы ири атомдук электростанциядан өрт чыкты

Украинадагы атомдук электростанциядан өрт чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, 4-мартка караган түнү орус аскерлеринин аткылоосунан улам Украинадагы Запорожье облусундагы атомдук электростанциядан өрт чыккан.

Буга чейин тынымсыз аткылоодон улам өрт өчүрүүчүлөр АЭСке жакындай албай жатканы кабарланган.

Бирок бир нече саат мурун аскердик администрациянын башчысы Александр Старух өрт өчүрүүчүлөр АЭСтеги тилсиз жоо менен күрөшүп башташканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан