Франциянын президенти Макрон экинчи мөөнөткө президенттикке ат салышарын билдирди

Франциянын президенти Эммануэль Макрон экинчи мөөнөткө президенттикке ат салышарын билдирди. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ал шайлоо апрель айында боло турганын айтты. Саясатчы өз чечимин расмий түрдө Конституциялык кеңешмеде айтмакчы.

Белгилей кетсек, Макрон 2017-жылы 39 жашында Франциянын президенти болуп шайланган.

Эммануэль Макрон 1977-жылы 21-декабрда туулган. Франциялык саясатчы "Алга" саясий партиясынын лидери. Ал Париж Х-Нантер университетинде, Саясий изилдөөлөр институтунда окуган. 1999-жылдан 2001-жылга чейин француз философу Пол Рикёрдун жардамчысы болуп иштеген. 2004-2008-жылдары Экономика министрлигинде инспектор жана башка кызматтарда иштеген. 2007-жылы мектепте француз тили боюнча мугалим болгон, өзүнөн 25 жаш улуу Брижит Троньёго үйлөнгөн. Мугалимин өзү окуучу кезинде эле жактырып калганы айтылып жүрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан