Орус саясатчысы Владимир Жириновскийдин абалы начарлаганы айтылууда

Орусиянын ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновскийдин абалы начарлаганы айтылууда. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.

Буга чейин, 9-февралда Жириновский Москванын борбордук клиникалык ооруканасына жаткырылган. Саясатчы коронавирустун омикрон штаммын жуктуруп алганы маалым болгон. Ага карабастан штаттык режимде иштеп жатканы айтылган.

Дарыгерлер Жириновскийдин өпкөсү катуу жабыркагандыктан медициналык уйкуга гана жаткырылгандыгын билдиришкен.

ЛДПР партиясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Александр Дупин Жириновский акырындык менен өзүнө келип жатканын, реабилитацияга муктаж экенин билдирген.

Ошондой эле Жириновскийдин жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылгандыгы тууралуу маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан