Украина СССРдин курамында турганда төрөлгөн 66 жаштагы орусиялык олигарх Михаил Уотфорддун сөөгү Улуу Британияда табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, мунай жана газ сатуу менен байыган Михаил Уотфорддун каза болушуна Украинадагы кырдаал таасир этиши мүмкүн экенин айтылды. Көптөгөн басылмалар Михаил Уотфорд Лондон орус олигархтарынын санкциялык тизмесин жарыялагандан көп өтпөй каза болгонун жазышты. Бирок Уотфорд бул тизмеде жок болчу.
Михаил Уотфорд өз үйүндө асынган абалда табылган. Учурда полиция анын табышмактуу өлүмү боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.