Орусиянын президенти Владимир Путин Украинада курман болгон жана жаракат алган аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү компенсация аларын билдирди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.
"Украинада атайын аскердик операцияда курман болгон аскерлердин үй-бүлөлөрүнө бир жолку 7 миллион 421 миң рубль өлчөмүндө жөлөк пул берилет. Мындан тышкары ай сайын компенсация төлөнөт.
Коргоо министрлигинин каза болгон аскер кызматчысынын ар бир үй-бүлөсүнө, аскер кызматкерлерине, атайын операцияга катышкан башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине 5 миллион рубль өлчөмүндө кошумча төлөм белгилөө зарыл деп эсептейм.
Ошондой эле Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлерине жана
башка күч түзүмдөрүнүн операцияга катышкан жана жаракат алган кызматкерлерине ар бирине 3 миллион рублдан кошумча төлөмдөрдү караштыруу зарыл", - деген Путин.