Рамзан Кадыровдун Владимир Путинге кайрылуусу: Кремль буга реакция жасады

Украинадагы атайын операциянын милдеттери боюнча чечимди Жогорку башкы командачы кабыл алат. Бул тууралуу Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго таянуу менен РИА Новости басылмасы жазды.

"Аскердик искусствонун суроолоруна комментарий берүү менин компетенцияма кирбейт. Жогорку башкы командачыга башка нерселер менен катар мындай сунуштар тууралуу маалымат келип турат. Ал эми бул операциянын жүрүшүндө жүктөлгөн милдеттерди кандайча, кандай каражаттар менен аткаруу боюнча чечимди Жогорку башкы колбашчы кабыл алат", - деген Песков Рамзан Кадыровдун Владимир Путинге кайрылуусуна жооп берип жатып.

Буга чейин, Чеченстан Республикасынын башчысы Рамзан Кадыров Орусиянын президенти Владимир Путинден чечен аскерлерине Харьков, Киев жана Украинанын башка шаарларын алууга буйрук берүүнү өтүнүп кайрылгандыгы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан