Володимир Зеленськийдин жардамчысы президенттин кайда экенин айтуудан баш тартты

Украинанын президентинин аппарат жетекчисинин кеңешчиси Михаил Подоляк украин лидери Володимир Зеленськийдин кайда экени тууралуу суроого жооп берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу ТАСС басылмасы жазды.

"Президенттин коопсуздугу үчүн азыр кайда экени тууралуу маалымат бербейбиз. Мен дагы анын кайда экени тууралуу маалыматты четке какпайм дагы, тастыктабайм дагы", - деген Подоляк.

Буга чейин Орусиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин Жогорку Раданын депутаттарына таянуу менен Зеленський Украинадан чыгып кетип, Польшада экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан