Украинадагы кырдаал: Түркия Орусиянын учактары үчүн асманын жаппайт

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Түркиянын аба мейкиндиги Орусия жана башка өлкөлөрдөн келген учактар ​​үчүн ачык болушу керектигин айтты. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазды.

"Аба мейкиндигинин стратегиялык жана гуманитардык жактан да ачылышы Түркия үчүн гана эмес, бул санкцияларды киргизген өлкөлөр жана алардын жарандары үчүн да маанилүү", - деген Чавушоглу.

Буга чейин түрк бийлиги Орусияга каршы санкцияларга кошулууну пландабаганы айтылган.

Белгилей кетсек, Украинадагы кырдаалдан улам Европанын дээрлик бардык өлкөлөрү Орусиянын учактары үчүн асманын жапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан