Бүгүн, 5-мартта Орусия тарап Мариуполь жана Волновахи аймактарында тынчтык режимин жарыялады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар Коргоо министрлигине таянып жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Украинанын Мариуполь жана Волновахи аймактарынын жай жашоочуларынын чыгып кетиши үчүн гуманитардык коридор ачканын билдирген.
Белгилей кетсек, 24-февраль күнү таңга маал Украина менен Орусиянын ортосундагы кырдаал курчуган. Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусия Украинага масштабдуу басып кирүүсүн баштаганын билдирген.