Володимир Зеленський НАТОго нааразычылыгын билдирди

Бүгүн, 5-мартта Украинанын президенти Володимир Зеленський НАТОнун Украинанын өтүнүчүнөн баш тартканына нааразы экенин билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.

Зеленський бул чечимди “алсыздык” деп баалады.

Маалыматка ылайык, 4-мартта НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг НАТО уюмуна мүчө өлкөлөр аскер күчтөрүн жана учактарын Украинага жөнөтпөй турганын билдирген. Эгер НАТО Украинадагы кырдаалга аралашса, анда чоң согуш жараларын жана Орусия менен согушуу максаты жок экенин белгилеген.

Ошондой эле Орусияны Украинанын аймагынан аскерлерин жана техникаларын алып чыгып кетүүгө үндөгөн. Йенс Столтенберг Украинанын үстүндө учуусуз зона киргизүү маселеси каралганын, эгер ал кирсе орусиялык учактар жана ракеталар атып түшүрүлөрүн белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан