Эрдоган менен Путин Украинадагы кырдаал боюнча телефон аркылуу сүйлөшүштү

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинадагы кырдаал боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

5-мартта Түркия президентинин өкүлү Ибрагим Калын Украинанын президенти Володимир Зеленський Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Владимир Путин менен Стамбулда же Анкарада жолугушууга даяр экенин билдирген.

Эске салсак, 24-февраль күнү таңга маал Украина менен Орусиянын ортосундагы кырдаал курчуган. Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусия Украинага масштабдуу басып кирүүсүн баштаганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан