TikTok жана Netflix социалдык тармагы Орусиянын аймагында ишин токтотту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 4-мартта Орусиянын президенти Владимир Путин Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн аракеттери тууралуу жалган маалыматтарды тараткан жана Орусияга каршы санкцияларды киргизүүнү талап кылган административдик жоопкерчиликти киргизүү боюнча мыйзамга кол койгон. Мындан улам Netflix жана TikTok компаниялары Украинадагы согушту чагылдырууга байланыштуу орус бийлигинин чектөөлөрүнөн улам Орусиядагы кызматтарынын көбүн токтотту.
"Биздин эң башкы приоритетибиз кызматкерлерибиздин жана колдонуучуларыбыздын коопсуздугу жана Орусиянын жаңы «жалган маалыматтар» мыйзамына ылайык, биз түз эфирлерди жүргүзүүнү жана видео жүктөөлөрдү токтотуудан башка аргабыз жок. Биз мунун коопсуздук кесепеттерин карап жатабыз. Биздин билдирүүлөр кызматыбызга таасир этпейт", - деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.
Эске салсак, Орусиянын маалымат тармагын тескеген Роскомнадзор мекемеси 4-марта Facebook жана Twitter социалдык түйүндөрүн чектеген. Андан бир күн мурда президент Владимир Путин Орусиянын куралдуу күчтөрү тууралуу “жалган маалыматтарды” тараткан адамдарды 15 жылга чейин эркинен ажыратууга мүмкүнчүлүк берген мыйзамга кол койгон.