Орусия Украинанын төрт шаарынан гуманитардык коридорлорду ачты

Орусиянын Куралдуу күчтөрү Франциянын президенти Эммануэль Макрондун орус лидери Владимир Путинге кайрылуусунан кийин саат 10.00дөн тарта ок атышпоо режимин жарыялап, гуманитардык коридорлорду ачты. Бул тууралуу Украинадагы гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча ведомстволор аралык координациялык штаб социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

"Киев, Харьков, Сумы жана Мариуполь шаарларындагы гуманитардык кырдаалды жана анын кескин курчушун эске алуу менен, ошондой эле Франциянын президенти Эммануэль Макрондун Орусиянын президенти Владимир Владимирович Путинге жеке кайрылуусу боюнча Орусиянын куралдуу күчтөрү гуманитардык максатта 2022-жылдын 7-мартында саат 10:00дөн баштап жымжырттык режимин жарыялап, гуманитардык коридорлорду ачты", - деп айтылат маалыматта.

Коридорлор төмөнкү шаарларда ачылды: Киевден: Гостомель, Раковка, Сосновка, Иванков, Ораное, Чернобыль, Гдень, Гомель. Андан кийин Орусияга аба транспорту менен жөнөтүлөт.

Экинчи коридор: Мариуополь: Новоазовск, Таганрог, Ростов-на-Дону, андан кийин аба, темир жол жана автомобиль транспорту менен тандалган багыттарга же убактылуу жашоого.

Үчүнчү коридор: Харьковдон: Нехотеевка, Белгород, андан кийин аба, темир жол жана автомобиль транспорту менен тандалган багыттарга же убактылуу жайгаштыруу пункттарына.

Төртүнчү коридор: Сумыдан: Голубовка, Ромный, Лохвица, Лубный, Полтава шаарларына ачылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан