Европада газдын миң кубу 3000 доллардан ашты. Бул тарыхтагы эң жогорку чек

Европада газдын миң кубу 3 миң доллардан ашып, тарыхый эң жогорку чекке жетти. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазды.

Өткөн жылдын жазында Европада газдын баасынын миң куб метри 250-300 доллардан болуп турса, августтун аягында 600 долларга чейин, октябрда биринчи жолу миң доллар, декабрда эки миң доллардан ашкан. Андан кийин кандайдыр бир артка чегинүү байкалган. Газдын миң кубунун 3 миң доллардан ашышы Европанын тарыхында болгон эмес.

Эксперттер муну европалык жер астындагы кампалардын толтуруунун төмөн деңгээли, негизги жеткирүүчүлөрдөн сунуштун чектелгендиги жана Азияда суюлтулган газга болгон суроо-талаптын жогору болушу менен байланыштырышты.

2022-жылдын февраль айынын башында газдын миң кубунун баасы 800-1030 доллардын чегинде өзгөрүп турган. Андан кийин Орусиянын президенти Владимир Путин 21-февралда Донецк жана Луганск элдик республикаларынын эгемендүүлүгүн тааныган жарлыктарга кол койгондон кийин газдын баасы кескин кымбаттаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан