Европадагы газдын миң куб метри бүгүн, 7-март күнү түштөн кийин 3600 долларды түзүүдө. Мындай маалыматты BAZA басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, газдын миң кубу алгач 3300 доллар, көп өтпөй эле 3600 долларга жеткен. Бул тарыхтагы эң жогорку көрсөткүч.
2022-жылдын февраль айынын башында газдын миң кубунун баасы 800-1030 доллардын чегинде өзгөрүп турган. Андан кийин Орусиянын президенти Владимир Путин 21-февралда Донецк жана Луганск элдик республикаларынын эгемендүүлүгүн тааныган жарлыктарга кол койгондон кийин газдын баасы кескин кымбаттаган.