Орусиянын өкмөтү Орусияга каршы достукка жатпаган аракеттерди жасаган чет мамлекеттердин жана аймактардын тизмесин бекитти. Тизме Орусия өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, Орусия өкмөтү Австралия, Албания, Андорра, Улуу Британия, Гибралтар, Евро Биримдикке мүчө мамлекеттер, Исландия, Канада, Лихтенштейн, Микронезия, Монако, Жаңы Зеландия, Норвегия, Түштүк Корея, Сан-Марино, Түндүк Македония, Сингапур, АКШ, Тайвань, Украина, Черногория, Швейцария, Япония мамлекеттерин дос эмес өлкөлөрдүн катарына киргизди.
Буйрук президенттин 2022-жылдын 5-мартындагы “Айрым чет өлкөлүк кредиторлордун алдындагы милдеттенмелерди аткаруунун убактылуу тартиби жөнүндө” жарлыгынын алкагында даярдалган.