Украина менен Орусия үчүнчү жолку сүйлөшүүсүн баштады

Беларусь өлкөсүндө Украина менен Орусиянын делегациялары үчүнчү жолку сүйлөшүүсүн баштады. Бул туурасында орусиялык басылмалар жазышат.

Андагы маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар үч блок боюнча маселелерди талкуулашат - ички саясий жөнгө салуу, эл аралык гуманитардык аспектилер жана аскердик жөнгө салуу маселелери.

Тараптардын алгачкы сүйлөшүүсү 28-февралда Беларустун Гомель облусунда өткөн. Андан кийинки сүйлөшүү республиканын Брест облусунда орун алган.

Белгилей кетсек, Украина менен Орусиянын ортосундагы кагылыш 24-февралда башталып, бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Анын кесепетинен аскерлердин жана карапайым калктын арасында курман болгондордун саны өсүүдө. Бул окуядан кийин көптөгөн өлкөлөр Орусияга каршы катаал санкцияларды киргизишти жана киргизүүнү улантууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан