Кремль Киевге эгер украин бийликтери Москванын шарттарын аткарса, алар Украинадагы согуштук аракеттерди каалаган учурда токтото аларын билдирди. Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Reuters агенттигине телефон аркылуу берген маегинде билдирген.
Песковдун айтымында, Украина согуштук аракеттерди токтотуп, конституцияга өзгөртүү киргизип, бейтарап мамлекет статусун камсыздап, Крымды Орусиянын аймагы, ал эми Донецк менен Луганскты көз карандысыз мамлекеттер катары таануусу керек.
Өз кезегинде Песков Киев бул шарттардан кабардар экенин, бирок украин тараптан эч кандай реакция боло электигин билдирген.
Орус тарап менен сүйлөшүүлөрдө украин делегациясынын мүчөлөрү өлкөнүн бейтарап статусун талкуулоого даяр экендиктерин билдиришүүдө. Бирок Крым, Луганск жана Донецк маселелери боюнча макулдашууга жетишүү мүмкүн эмес.