Франциянын президенти Эммануэль Макрон шайлоочулар менен жолугушууда Орусияны урматтоого чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
"Биздин милдетибиз орус жана беларус элдери менен мамилени улантуу, ошондой эле өлкө лидерлерин жана Орусияны өлкө катары ар дайым урматтоо", - деген Макрон.
Франциянын президентинин айтымында, Москва менен диалог Европанын коопсуздугу үчүн зарыл.
"Эгерде Орусия биздин континентте коопсуздуктун масштабдуу архитектурасын курууга катышпаса, туруктуу тынчтыкты куруу мүмкүн эмес", - деп баса белгилеген Франциянын президенти.
Украинадагы кырдаалдан улам дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү Орусияга каршы санкцияларды киргизүүдө. Буга байланыштуу Орусия АКШ баштаган көптөгөн өлкөлөрдү дос эмес өлкөлөрдүн тизмесине киргизген.