Актёр Паша Ли Киевге жакын жерде аткылоодон каза болду

6-март күнү Украинанын Ирпень шаарында согуштук аракеттерден улам украиналык актёр, телеалпаруучу, ырчы жана музыкант Паша Ли каза болду. Бул тууралуу Украинанын жергиликтүү басылмалары жазды.

"Ал сүрөткө түшкөнгө да үлгүргөн жок. Жаткан жери жайлуу болсун", - деп жазган украиналык юрист жана журналист Ярослав Куц социалдык тармактагы баракчасына.

Актёр 33 жашта болчу. Каза болордун алдында ал Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аймактык коргонуусунун катарына кошулган.

Паша Ли 1988-жылы 10-июлда Евпаторияда төрөлгөн. Ал "Кийин", "Унутулбаган ата-бабалардын көлөкөлөрү", "Классташтардын жолугушуусу", "Облустук" жана башка тасмаларда роль жараткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан