Украинанын Харьков шаарына жакын жердеги салгылашууда Орусиянын генерал-майору Виталий Герасимов жок кылынды. Мындай маалымат Украинанын Коргоо министрлигинин расмий сайтына жарыяланды.
"Орус армиясынын жогорку командалык курамынын кезектеги жоготуусу. Харьковдун жанындагы салгылашууда орусиялык аскер башчы, генерал-майор, башкы штабдын начальниги жана Борбордук аскер округунун 41-армиясынын командачысынын биринчи орун басары Виталий Герасимов жок кылынды", - деп билдирди Украинанын Коргоо министрлиги.
Украин басылмалары Виталий Герасимовду Орусиянын президенти Владимир Путин Крымды Орусияга кайтаруудагы эрдиги үчүн атайын медаль менен сыйлагандыгын жазышты.
Буга чейин, Украинадагы салгылашуу учурунда Орусиянын кургактагы күчтөрүнүн 41-бириккен армиясынын командиринин орун басары, генерал-майор Андрей Суховецкий каза болгондугу кабарланган.