Украинанын мурдагы президенти Виктор Янукович учурдагы өлкө башчы Володимир Зеленськийди куралдуу кагылышууну токтотууга чакырды. Анын кайрылуусун РИА Новости басылмасы жарыялаган.
"Сиздин көптөгөн "кеңешчилериңиз" бар экенин жакшы түшүнөм. Бирок сиз кандай гана болбосун кан төгүүнү токтотуп, кырдаалды тынчтык жолу менен чечүүгө аракет кылышыңыз керек. Муну Украина, Донбасс жана Орусия күтүп жатат", - деп айтылат билдирүүдө.
Виктор Януковичтин айтымында, кырдаалдын тынчтык жолу менен чечилишине украин эли жана Киевдин батыштагы өнөктөштөрү ыраазы болот.
"Володимир Александрович, сиз чыныгы баатыр болууну кыялданып жатсаңыз керек. Бирок баатырдык акыркы украиндин каны төгүлгөнчө кармашуу эмес, баатырдык бул өз жарандарынын өмүрүн сактап калуу үчүн өзүн курмандыкка чалуу, өзүнүн ар намысын жана амбицияларын жеңүү", - деген мурдагы президент.
Ошондой эле ал өлкөдөгү кырдаалды оор кабыл алып жатканын айтып, ар бир каргашалуу окуяда аны токтотуунун жолу бар экенин кошумчалаган. "Алгачкы күндөн тарта сиз Украинадагы согушту токтотууну убада кылгансыз, ошон үчүн бүткүл Украина сизди колдогон. Эгер согушту токтото алганыңызда дүйнөнүн президенти боло алмаксыз, тилекке каршы, андай болгон жок", - деген Виктор Янукович.