Украинадан чыгып кеткен адамдардын саны 2 миллионго жетти

Украина менен Орусиянын ортосундагы куралдуу кагылышуу башталгандан бери Украинанын аймагынан 2 миллион адам чыгып кетти.

Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун качкындардын иши боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди өзүнүн Твиттердеги баракчасына жазып чыкты.

Эскерте кетсек, 24-февраль күнү таңга маал Украина менен Орусиянын ортосундагы кырдаал курчуган. Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусия Украинага масштабдуу басып кирүүсүн баштаганын билдирген.

Орусия менен Украинанын кагылышуусу башталгандан бери Украина 2 миң 870 аскерин жоготсо, Орусиянын 498 аскери каза болгону жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан