Володимир Зеленський НАТОго кирүү маселесинде ажырым ойдо калганын айтты

Украинанын президенти Володимир Зеленський Украинанын НАТОго кирүү маселесинде ажырым ойдо калганын билдирди. Бул тууралуу түз эфир маалында айтты.

"НАТОго кирүү жөнүндө айтсам, НАТО Украинаны кабыл алууга даяр эмес экенин түшүнгөндөн кийин, бул маселеге көңүл кош мамиле кыла баштадым. Альянс Орусия менен карама-каршылыктардан жана тирешүүдөн коркуп жатат", - деп белгиледи президент.

Ошондой эле Киев эч качан Брюсселден "тизе чөгөлөп" суранбай турганын баса белгиледи.

Эске салсак, 4-мартта НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг уюмга мүчө өлкөлөр аскер күчтөрүн жана учактарын Украинага жөнөтпөй турганын билдирген. Эгер НАТО Украинадагы кырдаалга аралашса, чоң согуш жараларын жана Орусия менен согушуу максаты жок экенин белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан