Бириккен улуттар уюмунун качкындар иши боюнча Жогорку комиссары Филиппо Гранди социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жазды. Анда Украинадан чыккан качкындардын санына токтолуп, алар 2 миллионго жеткенин жазган.
Украинадагы куралдуу кагылышуу башталгандан бери жалпы 400дөн ашуун Кыргыз жараны чыгарылганын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.