АКШда биринчи жолу генетикалык жактан өзгөртүлгөн чочконун жүрөгүн алган бейтап каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.
"Жүрөк оорусунан жабыркап, генетикалык жактан өзгөртүлгөн чочконун жүрөгүн алган биринчи адам катары тарыхта калган 57 жаштагы Дэвид Беннет 8-март күнү түштөн кийин каза болду", - деп айтылат маалыматта.
Маалыматка ылайык, бейтаптын абалы бир нече күн мурун начарлай баштаган.
Дэвид Беннетт өзгөртүлгөн органды 7-январда алган. Мындай операция биринчи жолу болгон.
"Операциядан кийин трансплантацияланган жүрөк бир нече жума бою эч кандай баш тартуу белгилерисиз абдан жакшы иштеген", - деп билдирген Мэриланд штатынын ооруканасы.