Дональд Трамп үчүнчү дүйнөлүк согуш чыгышы мүмкүн экенин эскертти

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп дүйнө АКШны урматтабай калгандыктан өзөктүк курал колдонулуп, дүйнөдө үчүнчү дүйнөлүк согуш чыгышы мүмкүн экенин эскертти. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазды.

"Ооба, үчүнчү дүйнөлүк согуштун чыгуу мүмкүнчүлүгү бар жана мунун себеби биздин өлкөнү башкалар сыйлабай калгандыктан. Анткени АКШны жөндөмсүз адамдар башкарып жатат. Бул коркутуу эмес, бул олуттуу", - деген Трамп "Украинадагы кырдаалдын фонунда карапайым америкалыктар өзөктүк куралдан коркуш керекпи?" деген суроого жооп берип жатып.

Буга чейин Дональд Трамп Украинадагы кырдаалды курчутуп жатат деп АКШнын азыркы лидери Жо Байденди, НАТО уюмун жана батыш мамлекеттерин айыптаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан