Түштүк Кореянын Yonhap маалымат агенттигинин маалыматына караганда, Түштүк Кореядагы президенттик шайлоодо оппозициялык “Эл бийлиги” партиясынын талапкери Юн Сок Ёль жеңип, анын атаандашы жеңилгенин моюнга алды.
"Мен колумдан келгендин баарын жасадым, бирок силердин үмүтүңөрдү актай алган жокмун. Жоопкерчилик менин моюнумда. Талапкер Юн Сок Ёлду жеңиши менен куттуктайм", - деген "Демократиялык" партиядан талапкер болгон Ли Чжэ Мён добуш берүүдөн кийин.
Азыркы убакта добуштардын 98 пайызы саналып бүттү. Юн Сок Ёль 48,59 пайыз, Ли Чжэ Мён 47,79 пайыз добуш алды.
Юн Сок Ёль партиянын баш кеңсесине барар алдында колдоочуларына ыраазычылык билдирген. Ал Мун Чжэ Индин ордуна президент болот.