Украинанын президенти Володимир Зеленський Украинанын бардык тургундарына аскердик абал учурунда курал колдонууга уруксат берген мыйзамга кол койду. Мындай маалымат Жогорку Раданын расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, кеп мергенчилик, спорттук жана премиум куралдар тууралуу болуп жатканы белгиленген. "Украинага куралдуу агрессия жасаган адамдарга" каршы курал колдонгон жарандар жоопкерчиликке тартылбай турганы жазылган.
"Аскердик абал учурунда Украинанын жарандары өздөрүнүн сый куралдарын, спорттук куралдарын, мергенчилик мылтыктары, жылмакай же айкалышкан мылтыктар, ошондой эле ага ок-дарылар менен каршы күрөшө алышат", - деп айтылат Жогорку Раданын сайтындагы документте.
Тиешелүү мыйзам күчүнө кирди жана согуштун бардык мезгилинде колдонулат.
Белгилей кетсек, бул мыйзам кабыл алынганга чейин Украинада калкка аскердик куралдарды берүү чечими кабыл алынган. Мындай чечим украин бийликтери көзөмөлдөп турган шаарлардын көчөлөрүндө өзүм билемдиктин толкунун жараткан.