Украинадагы кырдаалга байланыштуу дүйнөлүк компаниялар Орусияга каршы санкцияларын улантууда. Бүгүн, 10-марттан тарта Орусияда Visa жана Mastercard орус карталарын тейлөөнү токтотот.
Мындан улам SUPER.KG порталы сутка ичинде Орусияга каршы санкция киргизген дүйнөлүк компаниялардын тизмесин карап көрдү.
1. АКШ конгрессмендери Орусиядан мунай жана энергетикалык ресурстарды импорттоого тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун колдоду;
2. Суусундук жана сыра чыгарган "Carlsberg Brewing Company" Орусияда өндүрүштү жана сатууну токтотту. Компаниянын Балтикадагы заводдору эми өзүнчө бизнес катары башкарылат;
3. 10-марттан тарта Visa жана Mastercard орус карталарын тейлөөнү токтотот. Орусиянын аймагында бул төлөм системаларынын карталары иштей берет, бирок чет өлкөдө жана чет өлкөлүк интернет дүкөндөрүндө Орусияда чыгарылган карталар мындан ары кабыл алынбайт.
4. Sony Орусияга жеткирүүлөрдү жана PlayStation дүкөнүнүн ишин токтотту. PlayStation Орусияда буга чейин эле иштебей калганы белгиленди;
5. Курулуш техникасын чыгарган "Caterpillar" Орусиядагы ишин токтотту. Аны улай эле дагы бир курулуш техникасы боюнча компания "Hitachi Corporation" Орусиядагы ишин токтотконун жарыялады;
6. Hilton жана Hyatt мейманкана түйүндөрү Орусиядагы бизнесин өнүктүрүүнү токтотууну чечишти. Алар азырынча жаңы мейманканаларды ачпайт;
7. Принтерлерди жана башка жабдууларды чыгарган "Epson" Орусияга жана Беларуска продукцияларды жеткирүүнү токтотту;
8. Англис тилин билүү деңгээлин баалоо боюнча эл аралык IELTS системасы Орусиядагы бардык сынактарды жокко чыгарат;
9. Покер ойноо үчүн эң ири интернет-ресурс "PokerStars" Орусияда ишин токтотту;
10. Орусияда McDonald's, IKEA, Apple, Volkswagen, Microsoft, Toyota жана 50дөн ашык батыш компанияларынын мүлктөрү улутташтырылышы мүмкүн.