Бүгүн, 10-мартта Түркиянын Анталия шаарында Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жолукту.
Бул Украинадагы кагылышуу башталгандан бери эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн мындай жогорку деңгээлдеги биринчи жолугушуусу. Жолугушуу бир жарым саатка созулду. Жолугушуудагы негизги маселелер:
1. Кулеба: "Сүйлөшүүлөр оор болду, элдешүү боюнча жылыш жок";
2. Киев Орусиянын талаптарын аткарууну көздөбөйт;
3. Жолугушууда гуманитардык коридорлорду ачуу жана ок атышпоо режими талкууланды;
4. Лавров: "Украинага курал-жарактарды жана жалданма адамдарды жибергендер өз аракеттери үчүн жооп беришет";
5. Сүйлөшүүдө Орусия Украинага кырдаалды жөнгө салуу боюнча конкреттүү сунуштарды берди. Ал эми Украина Орусиянын долбоорун эске алды жана жооп берет;
6. Орусия Украинага кол салган жок жана башка өлкөлөргө кол салууну пландабайт;
7. Эми Орусия өзү экономикасына кам көрөт, муну өлкөнүн бийлиги жасап жатат;
8. Путин Зеленський менен жолугушуудан баш тартпайт;
9. Лавров: "Мариупольдогу төрөт үйүнө кол салуу боюнча Украинанын билдирүүлөрү жалган. Ал жерде ультра радикалдык батальондун базасы болгон";
10. Кулеба: "НАТО Украинанын коопсуздугун камсыздоого даяр эмес".