Организмде А витамини жетишсиз экенин теринин абалынан байкоого болот

Адамдын организминдеги А витамининин жетишсиздиги териден билинет. Мындай билдирүүнү америкалык доктор Гилл Женкинске шилтеме берүү менен чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

А витамини иммундук системаны чыңдоо, күңүрт жарыктан көздүн көрүүсүн сактоо жана теринин саламаттыгы үчүн маанилүү. Эгер теридеги жаракаттар кеч айыгып, тактар, безеткилер пайда болуп, тери кургак болуп жатса А витамининин жетишсиздигинен кабар бериши ыктымал.

Доктор Женкинстин айтымында, акыркы 20 жылда А витаминин колдонуунун күнүмдүк нормасы 6,8 микрограммга азайганы байкалган.

А витамини организмде темирдин сиңишине, былжыр челдин, көрүүнүн жана теринин абалы үчүн абдан маанилүү.

"Организмде А витамининин жетишсиздигин көздүн кургак болуусунан, тамак жана көкүрөктөгү инфекциялык оорулардын пайда болуусунан, бойго бүтпөө, чачтын көп түшүүсүнөн да байкоого болот.

А витамини канаттуунун этинде, балыкта, сүт азыктарында, жашылча-жемиштерде жана өсүмдүктөрдө бар. Бул витаминди толуктоо үчүн ар түрдүү жемиштерди, жашылчаларды күнүмдүк рационго кошуу керек", - деген доктор Гилл Женкинс.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан