Өткөн жылдын аягы менен Өзбекстандын тышкы карызы 41 миллиард 600 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Өзбекстандын Каржы министрлиги жарыялаган баяндамасында айтылат.
Ага ылайык, 2021-жылы Өзбекстандын тышкы карызы 2020-жылга салыштырганда 12,7 пайызга көбөйүп, ички дүң өнүмдүн 60,1% түзгөн.
Өткөн жылы Өзбекстандын тышкы соодасынын көлөмү 2020-жылга салыштырганда 16 пайызга көбөйүп, 42,1 миллиард долларды түзгөн. Ошол эле маалда экспорт көлөмү 10% көбөйүп, 16,6 миллиард доллар болсо, импорт 20,4% көбөйүп, 25,5 миллиард долларга жеткен.
Дүйнөлүк банктын божомолуна ылайык, 2022-жылы Өзбекстандын экономикасы 5,6%, 2023-жылы 5,8% өсөт деп күтүлүүдө.