Бир тууган Кличколор Киевден эфирге чыгышты: "Биз шаарды бербейбиз"

Киев шаарынын мэри Виталий Кличко жана анын бир тууганы Владимир Кличко "Украина 24" телеканалынын эфирине чыгып, Украинанын баш калаасынын айланасындагы кырдаал тууралуу айтып беришти.

Мэрдин айтымында, эки жумалык согушта тургундардын жарымына жакыны Киевди таштап кетишкен.

"Акыркы эсептөөлөр боюнча, Киевдин ар бир экинчи жараны шаардан чыгып кетти. Азыр Киевде эки миллиондой тургун калды. Ошого карабастан Киев азыр чепке айланды", - деди Виталий Кличко.

Анын айтымында, орус аскерлеринин негизги максаты - Украинада бийликти кулатыш үчүн борборду курчоого алуу жана басып алуу.

"Алардын пландары биздин жигиттердин аркасы менен ишке ашпай жатат. Буча, Ворзель, Ирпень, Гостомельде биздин жигиттер Киевди курчоого алуу пландарынын баарын бузуп жатышат", - деди мэр.

Кличко белгилегендей, ар кандай кесип ээлери, анын ичинде музыканттар жана актёрлор шаарды коргоо үчүн тикесинен тик турууда.

"Эч нерсе болбойт, багынып бербейбиз. Мен бул сөздөрдү кайталай алам, шаар турду, эл турат, шаар эмес, биринчи кезекте адамдар турду. Алар багынып бербесе, душман өтпөйт", - деди мэр.

Владимир Кличко өз кезегинде Киев шаарындагы эркек кишилер үй-бүлөсүн сыртка алып чыгып, өздөрү шаарга кайра кайтып келип жатканын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан