Орусия-Украина кырдаалы: Украина жаңжалдан канча чыгым тартканын айтты

Украинанын президенти Володимир Зеленськийдин экономика боюнча кеңешчиси Олег Устенко Эл аралык онлайн конференцияда Украинадагы жаңжалдын кесепетинен келтирилген чыгымды атады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Олег Устенконун айтымында, жаңжалдын натыйжасында Украинанын инфраструктурасы, имараттары жана башка мүлктөрү зыянга учураган жана чыгым 100 миллиард долларга бааланган. Өлкөдөгү бизнестин жарымы согуштан улам жабылганын, калгандары толук кандуу иштебей келет. Ал Орусияга көбүрөөк финансылык санкция салууга, мунай менен газга толук тыюу салууга чакырды.

Белгилей кетсек, Украина менен Орусиянын ортосундагы кагылыш 24-февралда башталып, бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Анын кесепетинен аскерлердин жана карапайым калктын арасында курман болгондордун саны өсүүдө. Бул окуядан кийин көптөгөн өлкөлөр Орусияга каршы катаал санкцияларды киргизишти жана киргизүүнү улантууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан