Улуу Британия Мамлекеттик Думанын 386 депутатына Орусиянын Украинадагы атайын операциясын колдогондугу үчүн санкция киргизди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, депутаттарга чектөөлөр 11-мартта Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс тарабынан киргизилген.
"Жаңы санкциялар тизмедеги адамдардын Улуу Британияга баруусуна, Улуу Британиядагы активдерине кирүүгө жана бул жерде бизнес жүргүзүүгө жол бербейт", - деп айтылат маалыматта.