АКШнын Ирактагы элчилигине чабуул жасалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, Ирактагы АКШнын элчилигине жана Ирбиль шаарындагы Башкы консулдугуна ракеталар түшкөн. Ирбиль шаарындагы Башкы консулдугунун жанына түшсө, элчилигине снаряд тийип өрткө чулганган.
Эки шаарда бир нече жарылуулар болуп, абага АКШнын аскер учактары көтөрүлгөн.
Алдын ала маалыматтар боюнча Ирандын Тебриз шаарындагы аскер базасынан атылган ракеталар АКШнын элчилигине түшкөн.