Украинадагы аскердик кагылышуулар учурунда эки тараптан 13 миңден ашуун аскер каза болду. Бул тууралуу Украинанын президенти Володимир Зеленський журналисттерге маалымат берип жатып билдирген.
“Бизде 1300дөй аскер кызматкерлери каза болду, ал эми Орусиянын 12 миңден ашуун аскери көз жумду. Он эсе көп. Мен алардын 12 миң аскери каза болду деп кубанып жаткан жокмун”, - деген Зеленський.
Ошондой эле ал орус президенти менен сүйлөшүүлөргө даярдыгын жана сүйлөшүүлөрдөн кийин тынчтык иш жүзүндө орнойт деп үмүт кылып тургандыгын билдирген.