Орусиянын куралдуу күчтөрү Украинанын жалпы 3 миң 700 аскердик техникасын жок кылган. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенковго таянып РИА Новости жазды.
"Операция учурунда жалпысынан Украинанын аскердик инфраструктурасынан 3 687 объект жарактан чыккан", - деген Конашенков.
Анын айтымында, Украинанын 99 учак, 128 учкучу жок аппараттары, танк жана башка брондолгон аскердик 1 194 унаа, 443 талаа артиллериясы жана миномет, 991 атайын аскердик техникасы жок кылынган.